Модель (лингвистика)ia. 18e ae S Leedo| Ce: g.pbituzz632 | tali
Модель (лингвистика) - (франц. modele, лат. modulus - өлчөм, чен) тил илиминде изилдөөчү тарабынан тилдин тигил же бул элементтерине, түзүлүшүнө жакындаштырып, окшоштуруп (көбүнчө жөнөкөйлөштүрүп) лингвистикалык максатта жасалган үлгү.
Кандай Модель болбосун, ал гипотезанын (божомолдун) негизинде жасалып, оригиналдын кызматын аткарган аналог катары, белгилүү болгон маалыматтарды оригиналга көчүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Модель түзүү тилдик кубулуштарды же андагы процесстерди чагылдыруучу каражат эле эмес, тил жөнүндөгү билимдин канчалык туура экендигин текшерүүчү объективдүү практикалык критерий болуп да саналат.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4